Салянованын тарапташы: Эмнеге башкалары гана камалып, Атамбаев жоопкерчиликке тартылбайт?

217

Учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын бөгөт чарасы каралганы турат.

Сот залына Салянованын тарапташтары чогулган. Алардын бири Каныбек Жалиев мурдагы Башкы прокурордун камалышын калыс эмес дейт. Батукаевдин боштулушунун башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев турат деген пикирин билдирди.

Эмне үчүн бери жактагылар эле жоопко тартылып, Атамбаев жоопкерчиликке тартылбайт. Батукаев бир күндө эле соту болуп, паспорт алып, Грозныйга учуп кетип атат. Бул эмне сыйкырчыбы? Жазаларды аткаруу кызматы, Башкы Прокуратура же башка күчтөр ошондой чоң кримтөбөлдү чыгара албайт. Анын  башында Атамбаев гана турат

Эске салсак, Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова кечээ 3-июнда 48 саатка камакка алынган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь