Сууга агып кеткен 2 жана 7 жаштагы балдардын жансыз денеси табылды

281

Кечээ 3-июнда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Левобережный каналына 2 жаштагы бала түшүп кеткен. Саат 14:00дө жергиликтүү тургундар тарабынан баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында жоголгон 7 жаштагы бала Кайырма каналынан табылды. Баланын жансыз денеси кечээ, 3-июнь күнү саат 16:15тер чамасында табылган. Аны издөөгө ӨКМден 32 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 5 адам чыккан.

17-май күнү Нарын районундагы Он-Арча суусуна агып кеткен 6 жашар кыз дагы деле табыла элек.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь