Тышкы иштер министрлиги Панфиловдогу балдар үйүнө жардам көрсөттү

395

Чүй облсунуда жайгашкан Казыбек Тилебалдиев атындагы Панфилов мектеп-интернатына Тышкы иштер министри 150 комплект мектеп формасын сатып алуу үчүн 225 миң сомдук сертификат тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин басма-сөз кызматы  билдирди.

Маалыматка караганда, Чыңгыз Айдарбеков Бишкек шаарындагы балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоонун адистештирилген борборунда өткөн кайрымдуулук өнөктүгүнө барды. Иш-чаранын жүрүшүндө, ал жактын дагы борбордун жетекчилигине 69 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Аталган борбордо төрөлгөндөн баштап 4 жашка чейинки жетим балдар жана кароосуз калган балдар тарбияланат.

Жогорудагы айтылган каражаттар Кыргызстанда уруксат берилген дипломатиялык корпустун демөөрчүлүк каражаттарынан чогултулган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь