Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү майды мыйзамсыз алып өткөн каналдар аныкталды.  Мындан улам, УКМК мыйзамсыз май ташыган каналдарга бөгөт койду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз борбору билдиргендей, 31-майда буга чейин Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган иштердин жүрүшүндө «Кант» темир жол станциясынан жалпы көлөмү 120 тонна болгон эки цистерна күйүүчү жана майлоочу май кармалды.

Атайын кызмат мыйзамсыз май ташыган схеманын түзүүчүлөрү Кыргызстандын аймагына жалпы 2000 тоннадан ашуун күйүүчү май киргизгенин кошумчалады. Бирок ал кайсы мезгил аралыгында алынып өткөнү айтылган жок. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: