Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 36 миллион 988 миң 698 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Жалпысынан аталган мекеме 11 ай ичинде бирдиктүү депозиттик эсепке 700 миллион 441 миң 493 сом которгон.
Маалыматка караганда, бул акчалар экономикалык жана кызматтык кылмыштар аркылуу мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттар.
Эскерте кетсек, 2018-жылдын 3-июлунда коррупциялык иштердин айынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн атайын эсеп ачылган.