Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев Руслан Матраимов менен эч кандай тууганчылык жайы жок экенин билдирди.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына Руслан Матраимов тууралуу билдирүү жазды.
“Ушул тапта Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев премьер-министрге Матраимовдордун иши тууралуу отчет берип жатат. Гуламжан Анарбаев менен Матраимовдор куда болот экен, анткени Руслан Матраимов Гуламжандын бир тууган карындашына үйлөнүптүр. Президент Жээнбеков алардын тууганчылыгы тууралуу билет. Биздин өлкө толугу менен Матраимовдордун “сетевой маркетингине” кирип кеткенби?” — деп жазды депутат.
Ал эми Анарбаев бул маалыматты төгүндөдү.
“Жок, керек болсо тактап көрүшсүн. Менин Матраимовдор менен тууганчылык байланышым жок“, — деди төрага. Ошондой эле ал “депутат Карамушкина биз баарыбыз Оштон болгонубуз үчүн ушинтип божомолдоп жатат окшойт” деген пикирин айтты.
Анарбаев Финпол менен Финансылык чалгындоо кызматы 700 миллион долларды чыгарып кетүү фактысын текшерип жатканын айткан.
Булак: sputnik.kg