Чернобылга элди көчүрсө болобу? Бүлүнгөн аймактын 33 жылдан кийинки абалы

142

Дүйшөмбүдө Американын НВО кабелдик телеканалы жана британдык Sky биргелешип тарткан “Чернобыль. Ажыраган аймак” сериалынын акыркы бөлүгү обого чыгат. Тасма реалдуу окуяга негизделген.

1986-жылы 26-апрелге караган түнү Украинанын Чернобыль АЭСинде жарылуу болуп, болжолу Хиросиманын күлүн көккө сапырган “Малыш” атом бомбасынан 400 эсе көп радиоактивдүү заттар айлана-чөйрөгө тараган.

Курмандыктардын саны боюнча чоң айырмачылыктар бар. БУУнун расмий маалыматында 50 киши авария кесепетинен каза таап, андан кийинки зыяндуу нурдан төрт миңдей киши көз жумганы айтылат.

Бирок башка изилдөөлөр андан кийинки он жылдыктагы радиоактивдүү нурлануунун курмандыктарын жүз миңдеп санашат. Чернобыль АЭСиндеги жарылуунун кесепетинен каза тапкандар 200 миң кишиге чейин жеткен деп айтылат кээ бир изилдөөлөрдө.

Чернобыль окуясы адамзат тарыхындагы үрөй учурган жана эң ири техногендик кырсык болуп калды.

Окумуштуулар радиациядан көп жабыр тарткан аймактарга такай көз салып, изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Авариянын айлана-чөйрөгө тийгизген кесепетин узак жылдар иликтеп келе жатышат.

“Өлүү токойдогу” жашоо

Электростанцияга жанаша жайгашкан токой жогорку дозадагы радиация алгандыктан, дарактар дароо саргайып калган. Тирүү жан-жаныбар калган эмес.

Бул аймактын кунары кетип, жашоого кайтып келүү үчүн кеминде бир нече кылым керектелет деп болжошкон.

Бирок бүгүн – арадан 33 жыл өткөндөн кийин кишилер таштап чыгып кеткен “коркунучтуу аймак” укмуштуудай кооз корук жайга айланды. Азыр “өлүү токойго” жан кирип, аюулар, бизондор, сүлөөсүн, камандар жана жапайы жылкылар жүрөт. Көптөгөн жаныбарлар, андан сырткары канаттуулардын жүздөгөн түрү кайтып келди.

2014-жылы окумуштуулар токойго 42 видеокамера орнотуп, жаныбарлар менен канаттууларды байкоого ала баштаган. Токойдо радиациянын жогорку деңгээли сакталып турса дагы, Чернобылдын жапайы жаратылышына таасирин тийгизбегенине изилдөөчүлөр таң калып жатышат.

Албетте, айрым жетишпестиктер жок эмес. Айталы, альбиностор көп кездешет. “Өлүү токойдогу” курт-кумурскалардын өмүрү адаттагыдан кыска. Кемирүүчүлөр болсо азыраак тукум улап калышкан.

Бирок жалпысынан табигый көп түрдүүлүк таң калтырат. Окумуштуулардын айтымында, жаныбарлар күтүлгөндөн алда канча көбүрөөк радиацияга туруктуу болуп чыкты. Анан дагы аймакта кишилердин такыр болбогону мааниге ээ болду окшойт.

“Кыязы, орто мөөнөттөгү перспективалык жактан алганда, адам жана анын ишмердүүлүгү жапайы жаратылышка атомдук бүлгүндөн дагы сезилерлик негативдүү натыйжасын берет окшойт”,-дейт испаниялык биолог Герман Орисаола.

Чернобылга элди көчүрсө болобу?

Чернобыль АЭСинин тегерегиндеги радиациянын деңгээли баштапкысынан бир топ төмөн. Бирок кишилер үчүн баары бир жашоого кооптуу. Кырсыкка эң жакын жердеги Припять шаары жашоого жараксыз деп табылган. Бул деген албетте, киши буту баспасын дегенди түшүндүрбөйт. Маселен, жыл сайын бул аймакка болжолу 70 миң турист барат.

Азыр эми кырсык болгон аймакта 4000 күн панели бар. Атомдук электростанция күн панелдерине айланды.

“Айрым участкаларда радиоактивдүү нурлануу өтө жогору. Мындай радиацияны планетанын бир дагы жеринен кезиктирбейсиң. Бирок кээ бир участкалар, бир, эки чакырым аймак таптаза чыгат”,-дейт канадалык биолог Тимоти Муссо.

Кайсыл аймактары өтө кооптуу экенин билүү үчүн Бристоль университетинин окумуштуулары эки дронду колдонуп, Сары токойдун үч ченемдүү радиациялык картасын түзүштү.

Кырсык болгон аймактын жака-белинде кесепеттери азырга чейин байкалып келе жатат.

Чернобылга баа берген окумуштуулардын пикири ар түрдүү. Бирок 33 жыл деген – атомдук авария үчүн өтө эле кыска мөөнөт дегенге баары макул. Чернобыль трагедиясынын чыныгы масштабын аныктоо али алдыда.

Булак: Би-Би-Си кыргыз кызматы

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь