Шыкмаматов: Саляновага каршы көрсөтмөнү мурдагы атайын прокурор берген

197

Саляновага каршы көрсөтмөнү Нарын облусунун прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиев берген. Бул тууралуу журналисттерге Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

“Мурдагы атайын прокурор кармалган соң тергөө менен келишим түзүп алып, “мага Салянова мага буйрук берген” деп ага каршы көрсөтмө бериптир. Азыр экөөнүн көрсөтмөлөрү бири бирине каршы келип жатат. Эртең түштө анын баш коргоо чарасы каралат. Аида Жеңишпекованын кичинекей кызы бар, ошону эске алып жактоочулар аны үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүч келтиришет”, – деди Шыкмаматов.

تم النشر بواسطة ‏‎Тынчтыкбек Жусупбекович Алтымышев‎‏ في الاثنين، ٣ يونيو ٢٠١٩

Ал эми бринчи май райондук соту азрыныча сотко материалдар келип түшө элегин билдирип, Салянованын баш коргоо чарасы качан каралары ал белгисиз экенин айтты.

Айта кетсек, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 3-июнь күнү кечинде 48 саатка камакка алынды.

Мурдагы атайын прокурор Майрамбек Акматалиев май айынын соңунда кармалып, бир ай өлкөдөн чыкпоо чечими менен үй камагына чыгарылган.

Булак: slon.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь