Япониялык аялдар бийик такалуу туфли кийүүгө каршы чыгышты

218
Япониялык аялдар жумушта бийик такалуу туфли кийип жүрүүгө милдеттендирген дресс-кодду жокко чыгарууну талап кылышууда. The Guardian демилге актриса жана жазуучу Юми Исикавага тиешелүү экенин жазды.
Кампания катышуучулары социалдык түйүндөрдө #KuToo флешмобун #MeToo хештеги алдында өткөрүшүүдө, kutsu – туфли, kutsuu – оору дегенди билдирет. Буга 19 миңден ашуун адам кол койду.
Исикава Япониянын эмгек министрлигинин өкүлдөрү менен жолугуп, чиновниктер аялдардын талабын колдошконун билдирди. Актриса азыркы дресс-код талаптарын гендердик дискриминация же сексуалдык асылуу менен салыштырды.
Эске салсак, 2017-жылы Канаданын бир нече провинциясында бийлик жумушта аялдарды бийик такалуу туфли кийүүгө милдеттендирген кампанияларга тыюу салган. Мындай тажрыйба коркунучтуу жана ажырым жарататуучу деп табылган. Ушул эле жылы буга окшогон мыйзам Филиппинде кабыл алынган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь