Өзбекстандын президенти Шавкат Мизиёев Орозо айттын алдында түрмөдөгү жүздөгөн кишиге ырайым кылды. Бул өлкөдө ыйык Рамазан айы шейшемби күнү аяктап, Орозо айт 5-июнда белгиленет.

Маалымат каражаттары жазгандай, президенттин жарлыгына ылайык, түрмөлөрдөн 361 адам чыгарылып, дагы 214 кишинин жаза мөөнөтү кыскарат.

Алардын арасында жашы 60тан өткөн жети киши, ошондой эле алты аял жана бир чет элдик жаран бар.

Мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда Орозо айттын урматына түрмөдөгүлөргө ырайым берилчү эмес.

30 миллион калкы бар Өзбекстан – Борбор Азиядагы беш мамлекеттин ичинен ислам салттары жана мурастары бекем сакталган өлкө.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: