Бишкекте укук коргоочулар айт намазы окулган эски аянтка тапанча, бычак жана кайчы алып кирүүгө аракет кылгандарды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, коомдук тартипти сактоо максатында жүргүзүлгөн иш-чаралар учурунда Октябрь РИИБдин төртүнчү бөлүмүнүн кызматкерлери травматикалык тапанча жана саюучу-кесүүчү буюмдарды алып кирүүгө аракет кылды деп Н.М. менен А.Д. аттуу жарандарды кармады. Алар териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келген.

Шаардык милициянын берген маалыматы боюнча, майрамдык айт намазына 50 миңден ашык киши келген. Ал эми алардын коопсуздугун 2 миңден ашык милиция кызматкери камсыздаган.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: