Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралат.
Кечээ каралат деп туугандары жана тарапкерлери кечке чейин сотто жүрүштү, бирок сот отуруму бүгүнкүгө калган.
Салянованын сиңдиси Чынара Турдалиева ага карата бөгөт чарасынын камоодон башка түрү кабыл алынышы керек, себеби ал эч жакка качпайт деп билдирген.
“Үч жашар чычкандай наристеси бар. Ден соолугунун абалы да эске алынышы керек. Эч жакка качып кетпейт. Үч жылдан бери куугунтук болуп эле жатат. Кетсе кетип калмак”- деп билдирген Турдалиева.
Мурдагы башкы прокурор жана «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кечинде 48 саатка кармалган.