4- июн күнү биринчи май райондук сотунда мурдагы баш прокурор жана мурдагы депутат Аида Салянованын мыйзамдагы ууру Азиз Батукавдин өлкөдөн чыгарылып кетишине тиешеси бар делип бөгөт чарасы каралмак. Саат 13:00гө белгиленген сотту тарапташтары жана журналисттер күтүп жатышты.
Ушул эле маалда Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаевдин бөгөт чарасы каралды.Соттук отурумга кирип бара жатканда анча байкалбаганы менен чыгып бара жатканда жаалданган Ата Мекенчилер менен суроо узаткан журналисттер Манас Арабаевдин айласын кетирди.
«Коррупция» беренеси боюнча шектелип, 2-июнь күнү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген экс чиновникке Ата Мекен партиясынын өкүлдөрү кол көтөргөнгө чейин барды. Себеби “сентябрь” телеканалын жапкан жана Өмүрбек Текебаевди дал ушул буйрук берип каматкан деп кине коюшту.
Салянованы күтүп жаткан ММК өкүлдөрү дагы бир жагдайды колдон чыгарган жок. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Дөө Чынгыз каймана аты менен белгилүү Чынгыз Жумагуловду да тартып алышты. Ал Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн алдына катуу сабалып ташталган эки адамдын өлүмүнө шектелүүдө.
Бири кылмыштуу топтун мүчөсү, бири президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы, бири мурдагы баш прокурор. Аты аталган үч жаранга ар кандай күнөө тагылып шектүү катары сурак берүүдө.