Кытайдын төрагасы Орусияга иш сапар менен келе жатат

Бүгүн Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Мовквага келет.  Алгач ал Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, эки өлкө тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Кытай эл республиткасынын төрагасы Си Цзиньпин Орусияга беш жылдан бери келе элек болчу. Орусия Крымды аннексиялап алгандан бери Батыш менен мамилелери начарлап кеткен.

Си Цзиньпин 6-8-июнда Санкт-Петербургда өтө турган экономикалык форумга катышат. Бул форумга Владимир Путин да катышат.

Кытайдын башчысынын келишин Кремлдин өкүлдөрү «эки тараптуу мамилелер үчүн чечүүчү окуя болот» деп билдиришкен.

Ошондой эле,  “Си менен Путин жаңы доорго кадам таштаган глобалдык өнөктөштүк жана стратегиялык кызматташтык тууралуу жаңы декларацияга кол коет,”- деп кошумчалашкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь