Ошто үч кыз бычакталды

262

Ош шаарында бир эле учурда үч кыз бычакталып, ооруканага түштү. Бул тууралуу өздүк булактар Элдик медиага билдиришти.

Маалыматтарга караганда,  ооруканага түшкөн кыздар Ош шаарындагы батирлердин биринде бычакталган.

Аталган  аймактагы ооруканасынын маалыматы боюнча, 3 кыз таңкы саат 5:00тер чамасында ооруканага түшкөн. Алар 1996, 1999 жана 2000-жылы туулган кыздар экени такталды.  Алардын ичинен экөөнүн жоон санына бычак сайылса, бирөөсүн көкүрөк тушка сайылган. Учурда алардын бирөөсүнө операция жасалды. Ал эми экинчи кызга операция жасалып жатат.

Бул окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыковго байланышканыбызда жооп болгон жок.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь