Таласта ооруканадан эс-учун жоготуп кулаган кош бойлуу аял каза болуп калды

194

Талас облусунда үй-бүлөлүк медицина борборунда эс-учун жоготуп кулаган кош бойлуу келин каза болуп калды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 3-июнь күнү Кара-Буура районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунда болгон. Анда 28 жаштагы 37 жумалык кош бойлуу келин үй-бүлөлүк медицина борборуна көрүнүүгө келген. Ультра добуштук изилдөөгө кирип чыккандан кийин ал коридорго чыгып, басып бараткан жеринен эс-учун жоготуп кулаган.

“Эс-учун жоготуп кулаган келинге тиешелүү бардык медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда ал эмне себептен көз жумганы белгисиз, аны соттук медициналык экспертиза аныктайт. Атайын түзүлгөн комиссия иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Жыйынтыгы такталган соң дагы маалыматтар берилет”, – деп кошумчалашкан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь