Алайдагы ангустар 600 килограмм эт берет

260

Алай, Чоң-Алай районундагы фермерлер эт багытындагы Абердин-Ангус пародасындагы уйларды көбөйтүүнү колго алууда. Эки жыл ичинде 300гө жакын уйду табийгый жана жасалма жол менен аргындаштырышкан.

Ангус – бул мүйүзсүз, кара же күрөң түстөгү уйдун түрү. Буттары кыска, желиндери ак же кара түстө болушу ыктымал . Тээриси сыйда, денеси булчуңдуу. Эң башкы артыкчылыгы анын этинин сапаттуулугу.

Шотландиядан келип чыккан абердин-ангус пародасындагы асыл тукум буканы Чоң-Алайдын Жар-Башы айылына биринчилерден болуп эки жыл мурун Зурудин Шакиров алып келген экен. Фермер аймактагы малдын тукумун жакшыртууга умтулбасак болбойт дейт.

«Бир жашар буканы 115 миң сомго алып келдик. Өзгөчөлүгү суукка чыдамдуу. Кар калың болсо деле жүдөшпөйт. Кандай тоют берсең да чөп-чарды тандабай жей берет», -деп кеп салды фермер.

Ангус тукумундагы уйлар бөтөн жерден келгенине карабай жергиликтүү шартка, климатка тез эле көнүп кеткен. Табиятынан буттары кыска болгону үчүн, тоо ташка чыгып, жайыт тандабай жүрөт. Гени күчтүү, аргындаштырууда таасири 80 пайызга чейин жетет дейт фермерлер.

«Айылда беш үй бүлө алып келгенбиз. Азыркы күндө алардан музоо алып, башкаларга да жайылтып, күндөн-күнгө кызыгуубуз артып жатат. Тууту да жеңил болот экен. Кичинекей туулганы менен алты айда эле даңкайып жетилип алат»,-деди Шакиров.

Жаңы туулган музоолору 17-25 киллограмга чейин жетет. Тоютун жакшылап берсе, күнүнө бир киллограмга чейин салмак кошуп турат. Бирок өсүүсү тез токтойт. 2-3 жашар букаларын жакшы бакса, салмагы орто эсеп менен 800-1000 килограммга чейин жетет. Бул жергиликтүү 5 жашар багылган буканын салмагынан 200-300 килограммга көп.

Букалар коркунучтуу көрүнгөнү менен койдой эле жоош. Ургаачысы музоолоруна да камкор келээрин Умсунай Абдрахманова айттып берди. Ал кожоюну талаа-түзгө чыкканда мал-жандыктын чөбүн салып, суусун берип турат.

«Булар аябай жоош болушат экен. Мүйүзү жок болгону үчүн бирин-бири сүзүшүп кетпейт. Короодо кармаганга ыңгайлуу. Аял кишилер да коркпой кармай берет экенбиз»,-деди ал.

Ошентип жаңы тукумдагы уйлар тоолук фермелердин көңүлүнө майдай жагып жатыптыр.

Абердин-ангустун эти «мрамор сымал эттин» (Мраморное мясо) түркүмүнө киргендиктен ашканада жакшы бааланат. Европалыктар менен америкалыктар бул эттен стейк жасап, сыйлуу тамак катары дасторконго коюшат.

Бирок талаптагыдай мрамор сымал этти алуу үчүн малды багуунун өзүнүн атайын ыкмасы бар дейт адистер. Кыргыз фермерлер азырынча аны өздөштүрө элек.

Айыл-чарба боюнча Англиядан билим алган, бир нече жылдан бери айыл-чарба, мал тармагында иштеп келе жаткан жаш-эксперт Сагындык Эмилбек уулу мал-жандыкты асылдандыруудан артта калдык дейт.

«Бул порода келечектүү десек болот. Экологиялык таза продукт катары брендге да айлана алат. Акыркы беш жылда пайдасы көп мал-жандыктарын көбөйтүү аракети жанданды. Мындан ары дагы көбөйөт. Анткени маалымат булактары көбөйдү. Интернеттен, коомдук тармактардан көрүп эл дагы жаңы ойлорго келип жатышат», — деп айтты айыл-чарба боюнча адис Эмилбек уулу.

Эт багытындагы абердин-ангус пародасынын артыкчылыктарын жергиликтүү фермерлер жана эксперт төмөнкүдөй сыпаттайт: климатка тез ылайыкташат, гени күчтүү, аргындашуу процесси бат болот, сүт берүүсү да жаман эмес, тез салмак кошот, жоош, этинин сапаты жогору.

Кыргызстандын тоолуу аймактары саналган Чоң-Алай, Алай районунда 100 миңге жакын калк жашайт. Алардын 80 пайызынан ашыгы мал чарбачылыгы менен алектенет. Мамлекеттик статистикалык комитеттин маалыматы боюнча жети облустун ичинен малдын саны эң көп Ош облусунда.

Ал эми Айыл-чарба министрилигинин маалыматына таянсак 2017-жылы Кыргызстан жалпысынан 1 395,89 тонна эт жана эт азыктарын экспорттогон. Ал эми импорт 33 320,6 тоннага жеткен. Мындан чыкты Кыргызстан өзүн-өзү эт менен камсыз кыла албайт.

Булак: bbc.com

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь