Быйыл жети кен жайларын сынакка коюу пландалууда

204

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тоо-кен тармагындагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү.

Эмил Осмонбетов билдиргендей, үстүбүздөгү жылы Сүлүктү, Кадамжай, Кара-Кече, Туюк-Каргаша,  Тоголок, Ноокат, Жетим сыяктуу келечектүү кен жайларын сынакка коюу пландалууда. Өкмөт башчы кен иштетүүгө сынактардын шарттарын сапаттуу даярдоо зарылдыгын баса белгиледи.

«Кен иштетүүгө сынактарды өткөрүүнүн шарттарын сапаттуу иштеп чыгуу иштерин баштагыла. Ошону менен бирге, кен жайгашкан аймактын экономикасын өнүктүрүүнүн курамдык бөлүгү катары тармактык эмес өндүрүштөрдү түзүү боюнча талаптарды сынактын шарттарына киргизүү маселесин изилдеп чыгуу зарыл. Мындан тышкары Жерүй, Кичи-Чаарат жана Шамбесай өңдүү келечектүү кендерди ишке киргизүү маселесине олуттуу мамиле кылып, бул участоктордо ишти ийгиликтүү баштоо үчүн зарыл иш-чараларды аткаруу керек. Кен иштетүүгө рационалдуу жана системалуу мамиле кылуу бюджеттин жеңилдетилген насыялардан жана эл аралык уюмдардын жана айрым өлкөлөрдүн гранттарынан көз карандылыгын азайтуу мүмкүнчүлүгүн берет», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле Кумтөр кенинин учурдагы ишмердүүлүгү боюнча экологиялык жана социалдык багыттагы маселелер талкууланды.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь