Депутаттар Туйгунаалы Абдраимовдун иштен кетишин талап кылышууда

424

Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун кечээки кылыгынан соң айрым депутаттар анын жумуш ордун тапшырып кетишин талап кылышууда.

Тактап айтканда,  Жогорку Кеңештин депутаттары Элвира Сурабалдиева, Аида Касымалиева жана Наталья Никитенко  Абдраимовдун айымдарга карата кылган мамилесин терс кабыл алышкан. Мындай пикирди эл өкүлү Элвира Сурабалдиева фейсбуктагы баракчасына жазды. 

Билдирүүгө караганда бийлик өкүлү айымдарды басынтып, жүзүнө асылган. Ошондой эле, Абдраимовду кызматына тиешелүү иштерди айтуудан баш тарткан кызматкер катары көрсөткөн.

Сурабалдиева Гендердик теңчилик мамлекеттин өнүгүүсүнө чоң көмөктөш болот деп ишенип, саясатта элдин үнүн жеткиргендердин арасында депутат айымдырыңардын позицияларын угуп эле жүрөсүздөр. Баардык жарандарыбызга, өзгөчө жаштар, уул- кыздарыбызга келечекте адилеттүү, калыстыкта негизделген бийликтин орнолушуна тилектешбиз. Заманыбыз жакшыга өзгөрүлүш үчүн дискриминацияга, орой мамилеге, эски адаттагыдай басмырлоого жол бербеш керек. “Кебетең жакпайт” деп журналист айымды кемсинтип, интервью бергенден качкан аткаминерге жарашпайт. Бийликте жүргөн ар бир жетекчиге кайрылат элек – жарандарыбыз ачык-айкын маалыматты өз убактысында алууга укуктуу,“-деп билдирүү калтырган. 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь