Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгуналы Абдраимов журналисттер барган учурда эшиктин ичинен бекинип алды.

Бүгүн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана жарандык активисттер Абдраимовдун журналисттен кечирим сурап жана кызматтан кетишин талап кылып чыгышкан. Алар эртең менен 10:30да областык администрациянын алдына чогулушуп, губернатордун чыгышын күтүштү.

Бирок, Абдраимов журналисттерге чыгып жолукпагандыктан анын 4-кабаттагы иш бөлмөсүнө көтөрүлгөн учурда, аларды эшиктен ары киргизген жок.

Администрациянын кызматкери чыгып ” Азыр бош эмес, ичинде киши бар” деп жооп бергенче, эшикти ичинен бекитип койгон.

Журналисттер губернатордун бул кылыгына нааразы болуп, чыгып жолугушун күтүп турушат.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: