Хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 2022-жылы боло турган кышкы олимпиадада кимдер менен беттешээри белгилүү болду. Хоккей боюнча Федерациядан маалымдашкандай, квалификациялык оюндар Люксембургда ушул жылдын 7-10-ноябрь аралыгында орун алат. Оюн үч этаптан өткөрүлөт.
Кыргызстан “N” тайпасына туш келди. Анда Бириккен Араб Эмирлиги, Босния жана Герцеговина, Люксембург командалары бар. Беттештин жыйынтыгында кайсы улуттук команда көп упай топтосо кийинки баскычка өтөт.