Монголиянын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келет

111

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга 12-13-июнь күнү Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Ал белгилегендей, сапардын алкагында Монголиянын президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.

Ошондой эле, Ата-Бейит мемориалдык комплексинде гүлчамбар коюу аземи, Монголиянын Бишкектеги элчилигинин расмий ачылышы өтөт.

Учурда 14 документ даярдалып жатат. Биз 7-8 документке кол коюлат деп божомолдоп жатабыз. Алар саламаттык сактоо, экономика, коопсуздук жана аймактык кызматташуу тармагында болот“, – деди ал.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь