Мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC уюму менен жаңы келишимге кол койду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.
Маалыматка караганда, UFC уюмунун жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Нурмагомедов америкалык Дастин Пуарье менен 7-сентябрда Абу-Дабиде беттешет. Бул мелдеш Нурмагомедов үчүн турнирден четтетилгенден кийинки биринчи кармашы.
Аталган келишимде Дана Уайт күрөөканага барып айрым мүлкүн сатууга аргасыз болгон. Муну менен Нурмагомедов промоушендеги акча эң көп төлөнгөн спортчу болду.
Эске салсак, Нурмагомедов буга чейин 27 ирет беттеш өткөрүп, бирөөсүнөн дагы жеңилген эмес.