Ноокат: Катуу жаандан турак-жайлардын короолорун суу каптады (видео)

159

5-июндагы катуу жааган жаандын кесепетинен Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Кара-Таш, Гулистан, Т. Зулпуев айыл аймактарында жана Ноокат шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ноокаттын бобордук көчөлөрүндө машина жүрүүчү жолду суу каптап, коомдук транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук жараткан.

Алдын ала берген маалыматтар боюнча, Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак айылындагы селдин кесепетинен Найман каналынын 15 метр аралыгы сел калдыктарына толуп калган. Тескей участкасынан 4 турак жайдын жана Артыков көчөсүнүн 9 турак жайдын короо-сарайлары сууга толуп калган. Ошондой эле Гулистан айыл аймагынын имаратынын жертөлөсүнө суу кирген. Фрунзе айылынын Шаназаров көчөсүндөгү 5 үйдүн жертөлөсүн, 9 үйдүн короо-сарайын суу каптаган. Мындан сырткары Ноокат шаарында «Медогос» медициналык борборунун жертөлөсүнө суу кирген.

Селдин кесепеттерин жоюу жумуштарына Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн курамы жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери тартылып, жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь