Ороктогу жаңжалга байланыштуу депутат Кылыч Боркоев кармалды

126

Орок айылында чыккан жаңжал боюнча шектүү катары айылдык кеңештин депутаты Кылыч Боркоев кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазууда .

Ороктогу жаңжалга катышканы үчүн жалпы 32 киши кармалып, Боркоевден башкасы бүт коё берилди.

Маалыматка ылайык, депутат азыркы учурда убактылуу кармоочу жайда кармалууда.

Эске салсак, 5-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Орок айылында жайгашкан мечиттен Айт намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүм бала бири-бири менен уруша кетишкен. Анда 2 өспүрүм бала 1 баланы сабап салышып, жабыркаган бала ооруканага жеткирилген. Мындан соң урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул учурда 2 тараптан мыйзамга каршы келген иш-аракеттер жасалып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Буга шектелип 30дай киши Сокулук РИИБине жеткирилген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь