Орок айылын атайын күчтөр көзөмөлдөп жатышат

200

Бүгүн Орок айылына атайын күчтөр келишип, абалды көзөмөлдөшүүдө. Учурда абал туруктуу, тартип сакчылары түнү менен окуя болгон жерди көзөмөлдөшкөн.

Орок айылындагы мушташтан жабыркаган өспүрүмдөрдүн абалы туруктуу экенин  Саламаттык сактоо министрлигин басма сөз кызматы билдирди. 

Эске салсак, кечээ Орок айылындагы өспүрүмдөр айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, эки бала бир баланы сабап койгон. Таяк жеген балдар Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген.

Бул окуядан кийин эл чогулуп ошол жерде жашаган кишилердин болжол менен 12 үйүнүн айнектери талкаланган. Бир үйдүн жыйылып турган чөбү өрттөлгөн. Жыйынытыгында милиция кызматкерлери жалпы 32 кишини кармашкан.

Ал эми Ички иштер министрлиги Сокулук районундагы бейбаштыкты улуттар аралык чыр-чатак катары карабоо керектигин билдирген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь