Премьер-министр “Абдраимов өкмөткө көлөкө түшүргөнүн” өкүнүү менен кабыл алды

256

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун аракетин өкүнүү менен кабыл алды. Бул тууралуу премьердин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Өкмөт башчы жогорку деңгээлдеги аткаминердин жана журналисттин айланасындагы бул инцидент бийликтин бардык аткаруу бутагына көлөкө түшүрүп жатканын өкүнүү менен кабылдаганын белгилейт. Ошондой эле премьер-министр мамлекеттик орган жетекчилеринен ачык-айкын иштөөнү талап кылары айтылган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун аракеттерине баа берүү маселесин карайт.

Бүгүн Туйгунаалы Абдраимов өзүнүн кабарчы кызга карата сүйлөгөн сөзү тууралуу комментарий берип, журналисттен кечирим сурабай турганын айтты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь