Россияда өткөрүлгөн дүйнөлүк шахмат боюнча жаштар арасында мелдеште кыргызстандыктар 3 медалга ээ болушту. Бул туурасында Кыргызстандын Шахмат федерациясына таянып “Кабар” агенттиги жазды.
Шахмат боюнча турнир 2-5-июнь аралыгында Ханы-Мансийск шаарында өткөрүлгөн. Аталган турнирге Кыргызстандан 4 спортчу барган. Балдар арасындагы турнирде Нурсултан Сакибаев 8,5 упай менен коло медалды тагынган. Өмүрбек Керимкулов алтынчы, Владислав Онуфриенко он бешинчи орунга илинди.
Кыздар арасында Азалия Мирлан кызы 9 упай менен 3-орунду ээледи.
Кыргызстандан барган спортчулар тайпалык көрсөткүчү боюнча экинчи сапка илинди.