Сагынбек Абдрахмановдун төрагалыгындагы КСДП партиясы Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылды.
Абдырахманов сот аркылуу Атамбаевден партиянын мөөрүн жана ээлик кылуучу документтерди алууну көздөйт.
Юстиция министрлиги өзүнүн расмий сайтында партиянын төрагасы тууралуу маалыматты өзгөрткөндүктөн, Алмазбек Атамбаев 3-апрелден тарта партиянын башчысы эмес деп белгилейт Абдырахманов.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаев экс-президенттер тууралуу мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу төрагалыктан жана партиянын курамынан четтеген. Себеби жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, экс-президенттер саясий иштер менен алектенүүгө, саясий партияларды жетектөөгө тыюу салынган.