Токтогулда кичинекей көпүрөнү 18 миллион сомго бүтүрүшкөн

380

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Ничке-Сай айылындагы кичинекей көпүрө 18 миллион сомго бүткөрүлгөн. Бул тууралуу жеринде барып таанышкан депутат Элвира Сурабалдиевага  тургундар нааразы болуп билдирди.

“Бул көпүрө 2017-жылы башталып 2018-жылы гана аяктаган. Бизге транспорт министрлигинин райондогу өкүлү 18 миллион сомго бүткөрүлгөнүн айтты. Бирок, анча каражат кетиши мүмкүн эмес эле, тиешелүү органдар текшерүүгө алып, кандайдыр бир чара көрүлүшү зарыл,”- деп билдиришкен жергиликтүү тургундар.

Ал эми эл өкүлүнүн маалыматына таянсак, 28 жылда Кыргызстандагы жолдорду оңдоого 2,5 миллиард АКШ доллары грант жана насыя катары келген. Бирок, алардын максаттуу пайдаланылбай жатканына депутат айым нааразы.

Токтогул районундагы Ничке-Сай айылында 18 миллион сомго салынган көпүрө. Аны 03.06.19 жашоочулары менен жолукканда өз көзүбүз менен көрүп келдик. Укук органдардан ошончо каражат кайда кеткенин иликтеп берүүсүн талап кылабыз. Коррупция мамлекеттүүлүктүн түбүнө жетип жатканы баардыгыбызга белгилүү. 28 жылда Кыргызстанга жолдорду оңдоого 2,5 миллиард АКШ доллар грант жана кредит катары келиптир. Кантип коротулганын ушул видеодон көрсөңүз болот. #Коррупция03.06.19, с. Ничке-Сай Токтогульского района. Мост, недавно построенный за 18 миллионов сомов, который мы увидели своими глазами на встрече с жителями. Будем обращаться в правоохранительные органы, чтобы расследовали расходование средств на строительство этого сомнительного объекта. Коррупция разъедает основы нашего государства. За 28 лет Кыргызстан получил 2,5 миллиарда долларов США в виде грантов и кредитов на ремонт дорог. Как были освоены эти средства – можно посмотреть на видео. #КоррупцияГде деньги, Зин? (с)

تم النشر بواسطة ‏‎Эльвира Сурабалдиева‎‏ في الخميس، ٦ يونيو ٢٠١٩

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь