Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов журналисттерден качып жолугуудан баш тартып жатып, бир жарым саат өткөндө чыгып жолукту.
Жолугушуу учурунда кечээ болгон окуя боюнча айтып жатып “Силер акчага сатылгансыңар, бузукусуңар,”- деп катуу айтты.
Ошондой эле, жергиликтүү ЖМКнын журналисти “кечээ эмнеге журналисттин келбетине асылып, мылжыңдап күлүп кеттиңиз?”-деген суроосуна “сен эмне бул жерде келжиреп” турасың деп урушту.
Ал эми кече жүзүңүз суук экен деген журналисттен кечирим сурабай турганын билдирип, журналисттер менен бир пикирге келише албай койду. Көп убакыт өтпөй ЖМКлардын өкүлдөрүнүн суроолоруна толук жооп берүүдөн баш тартып, үстөлдү муштум менен чаап чыгып кетти.