Турсунбек Акун “Апрель” телеканалын сотко берди

283

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Батукаевдин ишине байланыштуу “адамдык ар-намысыма шек келтирген материалдар чыгууда” деген таризде Апрель телеканалын жана айрым гезиттерди сотко берди. Бул тууралуу өзү фейсбук баракчасына жазды.

Батукаев боюнча бир жактуу каралап, жалган маалыматтарды таратканы үчүн Апрель теле каналын жана кээ бир гезиттерди сотко бердим. Апрель теле каналы бир топ убакыттан бери тынбай мен тууралуу текшерилбеген жана далили жок маалыматтарды таратып келет. Анткени акыркы убактарда берген маектеримде Батукаевдин бошотулушу тууралуу Атамбаевдин түздөн-түз катыштыгы бар экендигин далилдеп, айтып келем. Ошого териккен Атамбаевдин теле каналдары жана айрым Атамбаевге жан тарткан гезит-сайттар мурда мени кандай негизсиз каралап келсе бүгүн да ошол эле негизсиз каралоосун улантып келе жатышат.Эми бул мыйзамсыз иштери үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек. Мен Батукаев маселеси боюнча алты жыл бою кээ бир прессалардын бир жактуу каралоосуна, жалган жалаасына жооп катары, аларды бир нече жолу сотко берүүгө аракеттенгем. Бирок, ал доор АТАМБАЕВДИН доору болгондуктан, соттор ишти карабай качырып койор эле.
Мен эркиндик үчүн күрөшкөн, Кыргыз демократиясына жаштыгымды, күчүмдү арнаган, өлкөдө туңгуч укук коргоочу адам катары ММК дын сөз эркиндигин колдойм.
Бирок, ММК өздөрүнө берилген бул артыкчылыкты курал катары пайдаланбаса, журналистиканын алтын эрежелерин сактаса деген тилектемин.
Мен муну менен, айрым журналисттердин кесепетинен баардык журналисттерге акаарат айтуудан алысмын, өз ишин мыкты билген журналист улан-кыздардан уучубуз кур эмес.
Бирок кээ бир массалык каражат өкүлдөрү менин укугумду тебелеп, менин аброюна, адамдык ар-намысына шек келтирип, бири 100.000$ бири 200.000$ акча алган деп каралап басынтып келет. Мен өзүмдүн актыгымды мыйзам алдында коргоо үчүн ушундай кадамга барууга аргасыз болдум. Айтылган же жазылган сөздөр далилдүү болуп, адамдын кадыр-баркын тебелебегендей болуш керек. Ар бир маалымат каражаттары мыйзамдын сыйлап туруусу абзел.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь