Ысык-Көлдө 6 жана 4 жаштагы балдар муздаткычтын ичинен тумчугуп каза болду

500

Ысык-Көл областында эки жаш бала муздаткычтын ичинде камалып калып жан берди. Түп районунун Михайловка айылында эски муздаткычтын ичинде эки бала тумчугуп калган. Облустук ИИБден билдиргендей, окуя 3-июнь күнү 11:55тер чамасында болгон.

2013 жана 2015-жылы туулган бир тууган ага-ини ойноп жүрүп, жок болуп кеткен. Ата-энеси балдарын эшиктен издешип, бирок үйдөн 17:00дөр чамасында табышкан. Балдар муздаткычтын ичинен чыга албай тумчугуп калышкан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь