Тышкы иштер министрлиги түрк элчисине нота тапшырды

187

 

Тышкы иштер министрлиги түрк элчисине нота тапшырды. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат Кыргызстандын  Тышкы иштер министрлигине чакырылган.

Маалым болгондой, кечээ 5-июнда Сокулук районунун Орок айылында Кыргыз жарандарынын ортосундагы тиричилик жаңжалды жөнгө салуу боюнча укук коргоо жана жергиликтүү органдарынын эл менен жүргүзүп жаткан иштеринин жүрүшүндө элчинин ошол жерде болушуна байланыштуу түрк тарабына министрликтин нотасы тапшырылды.

«Бүгүн, 6-июнда ТИМ Женгиз Камиль Фырат мырзаны кабыл алып, өз аракеттери менен Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишпөөгө, сабырдуулук көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырды»,- деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 5-июнунда Сокулук районунун Орок айылында кыргыз жарандарынын ортосундагы жаңжал чыккан. Ал жакка  элди тынчтандыруу үчүн тартип сакчылары барган. Ошондой эле, түрк элчиси Женгиз Камиль Фыраттын дагы барышы социалдык тармактарда талкуу жараткан. Көпчүлүк элчи мамлекеттик ички саясатка киришип жатканын айтып,  бийликтен элчи мырзаны тартипке чакырууну өтүнүшкөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь