Алматы-Ош аба каттамы боюнча биринчи учак конду

359

Бүгүн Ош эл аралык аэропортунда Алмата—Ош—Алмата аба каттамы ишке кирди. Аны казакстандык Qazaq Air авиакомпаниясынын учагы салтанаттуу түрө кабыл алынды.

«Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жаңы ачылган каттам менен Алматадан 64 жүргүнчү Ош шаарына учуп келди. Саамалык майрамдык салтанат менен коштолуп, ага аэропорт жетекчилиги жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.

Аталган каттам аптасына эки жолу – жума жана жекшемби күндөрү учуп турмакчы.

Билеттин баасы 3 миң сомдун тегерегинде болуп, учуу убактысы 65 мүнөткө созулат.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь