Аспирин аялдардын жатын рагын алдын алат

263

Аспирин – ракка каршы өтө таасирдүү дары, деп Ready Set Health дүйнөлүк басылмасы иликтеп жазды. Аспирин бир гана баш ооруну гана эмес муун, сөөк ооруларын жана инфаркт, инсультту алдын алат. Жаңы изилдөөлөрдүн натыйжасында, аспирин дарысы – жатын рагын пайда кылуучу факторлорду азайтуучу курал.

Розуэлла Парка (RPCI) атындагы рак Институтунун изилдөөчүлөрдүн жыныстык оорулар боюнча изилдөөсүнө 1312 бейтап алынып, анын ичинде 328 аял жатындын рак ооруларынын ар кандай баскычы менен ооруган. Изилдөөгө катышкандар узак убакыт аспирин колдонушкан. Натыйжада, аспиринди көп колдонгон 47% айымдын жатын рагын алдын алууга мүмкүн болгон. Көп колдонду делип, жумасына жети же андан көп аспирин ичкендер аныкталган. 5 жана андан көп жыл аспирин дарысын үзбөй колдонгондордун ичинен 41%га рак илдети кыскарган.

Аспиринди колдонуу- ракты алдын алуунун эң мыкты ыкмасы болуп калды. Адамдардын жашоо образына чоң бурулуш жасаганды билген бул дары – чылым таштап, активдүу жашоо образын кылып, физикалык активдүү болууга шарт түзүп берет. Розуэлл Парктын онкологияны изилдөөчү философия илимдеринин доктору, профессор Кирстен Мойсич аспиринди колдоноордон мурда,сөзсүз дарыгердин кеңеши менен баштоону сунуштайт. Америкалык онкологиялык коомдордун берген отчётунда, 2019-жылы 12900 жаңы жатындын рак илдетине чалдыккандар катталса, 4100 аял ушул илдеттен көз жумган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь