Интернет тармагында бразилиялык футболчу Неймар менен модель Нажила Триндадинин мейманканадагы ызы-чуу жараткан видеосу тарады. Буга чейин модель кыз Неймарды зордуктоого айыптап жаткан.
Эки күн мурун атактуу футболчуга зомбулук көрсөткөндүгү үчүн полициядан чакыруу келген. Бирок “Зордуктады” деп арыз жазган модель кыз учурда көрсөтмөлөрүн өзгөртүүдө. Ал футболчу менен эки тараптын макулдугу менен болгондугун айта баштады.
Неймар өзү мунун бардыгы жалган деп четке кагууда. Анын айтымында бул акча өндүрүп алуунун ойлоп табылган бир ыкмасы.