Былтыр Орусияда ташталган 17 кыргыз бала мекенине кайтарылган

197

Өткөн жылы Орусияда ата-энесинин камкордугусуз калган 17 кыргыз бала Кыргызстанга  кайтарылган. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.

Министрдин орун басарынын маалыматына таянсак, 2011-2018-жылга чейин Орусиядан Кыргызстанга 96 бала кайтарылган. Анын ичинен 52 бала үй-бүлөгө, 12 бала асырап алуучу  үй-бүлөгө, 10 бала камкордукка жана  22 бала балдар үйүнө берилген.

Ал эми быйыл жыл башынан бери Орусиядан 6 бала кайтарылган  2 бала үй-бүлөгө жана 4 бала балдар үйүнө тапшырылган. Учурда алардын туугандарын табуу аракеттери жүруп жатат.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь