“Токмок-Автодорожный” чек ара өткөрмө бекетинде чек арачыларга белгисиз кишинин кол көтөргөн видеосу чыкты. Милиция эч чара көрбөй жатат деп күч структурасынын кызматкерлери жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.
Алардын айтымында, 4-июнда кыргыз-казак чек арасы аркылуу өтүп жаткан кыргызстандык чек арачыларга кол салган. Видеодо көрүнүп тургандай ал кызматкерлерге баш ийбей, кол көтөргөнгө чейин барган. “Аялымды таштап келип, ар бириңер менен өзүнчө эркекче сүйлөшөм” деп коркуткан.
Жаңжал салган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бирок чек арачыларды эч ким суракка же көрсөтмө берүүгө чакырган эмес.
Мамлекеттик чек ара кызматы бул окуя болгондугун Kaktus.media га тастыктады. Кыргызстандык жаран чек арадан мыйзамсыз күйүүчү майды алып өтүүгө аракет кылган. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маалында ал адам өзүн агрессивдүү алып жүргөн.
“Жаран милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталды.”