Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Жаныбек Исаков өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде кызматынан кетти. Райондук администрациядан билдиргендей, бүгүн 7-июнда өткөн жыйында Өкмөттүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Исаковдун отставкага кеткендиги боюнча буйрукту окуду.