Көмүскө түрдө кумар оюндарын уюштуруп, ири суммадагы акчаларды өлкө аймагынан чыгарып турган чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 2015-жылы “Кыргыз Республикасында кумар оюндарын жүргүзүү ишине тыюу салуу жөнүндө” мыйзамы букмекердик ишмердүүлүккө тыюу салганына карабай, “Т” аттуу конторанын өкүлдөрү “Э” аттуу фирма түзүшкөн. Алар Интернет жана маалыматтык-коммуникациялык каражаттар аркылуу оюндарга “коюм” (ставка) катары төлөмдөрдү кабыл алып келишкен.
Мыйзамсыз жол менен табылган кирешелер чет элдик төлөм системасы аркылуу чет элдик банктагы эсептерге чыгарылып турган. 2016-жылдан ушул убакытка чейин көрсөтүлгөн фирма 1 млрд. сомдон ашуун каражатты башка өлкөгө чыгарып кеткен.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында өткөн ыкчам-тергөө чараларынын негизинде аталган юридикалык тарапка караштуу 35,7 миллион сом жана 31,1 миң АКШ доллары камакка алынды.
“Э” фирмасынын директору жана чет өлкөнүн жараны (Ю.А.) УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө уланууда.