Нидерландык түрмөлөр эмне себептен жабылууда?

331

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү түрмөлөрдү көбөйтүү же чоңойтуу көйгөйү менен баш катырып жатканда, Нидерланды ага карама-каршы маселени чечүүнүн үстүндө. Абакта кылмышкерлердин саны аз. Акыркы жылдары соттологондор өтө аз санда болгондуктан, 19 түрмөнү жабууга туура келген. Жакында дагы бир канчасы жабылуу алдында турат.

Винхаузен кыштагындагы Норгерхавен түрмөсүндөгү бөлмөлөр ээнсиреп турат. Короодо эс алуу орду төрт футбол талаасынан кем эмес аймакты ээлеп турат. Бак-дарактын алдында тамактануучу үстөлдөр бар. Абактын жетекчисинин орун басары Ян Рулоф ван дер Спол билдиргендей, таза аба кылмышкерлерди стресстен арылтат.Алар абактын ичиндеги китепкана, ашкана жана бейтапканага күзөт адамдарсыз эле ээн барышат.

10 жыл мурда Нидерландыда абактагылардын саны менен Европа боюнча алдыңкы катарда турган. Бугүн — эң төмөн көрсөткүч менен: 100 000 калкка 57 кылмышкер. Салыштырганда: Германияда бул көрсөткүч- 75, Украинада — 157, Орусияда — 316.

Лейден университетинин кылмыштык укук профессору Паулины Схут: “ баңгизат менен күрөшүүнүн ордуна, аткезчилик жол менен адам сатуу жана терроризмге тыюу салууну күчөтүштү”. Голландиялык соттор кылмышкерлерди дароо түрмөдө жазасын өтөөгө эмес, коомдук иштерди аткарууга, айып пул төлөп жана электрондук билерик тагынууга өкүм чыгарышат. Учурда абакта өтө кооптуу делген же тескерисинче түрмө жетекчилигинин коргоосуна муктаж болгон кылмышкерлер отурат. Бирок, 8 жылда кылмыштуулук 25% га кыскарганы менен, бул системага каршы болгон серепчилер бир канча аймактарда каражат жетпегендиктен жабылган полиция бөлүмдөрүнө байланыштырып келишет.Ошол себептен, кылмыш тууралуу кабар убагында жетпей жатканын айтышат.

Түрмө кароолунун өкүлү Франса Карбо айткандай, «жаштар абакта иштөөдөн качышат.Анткени алар эртең ошол абак да жабылса , кайда барам деп, тобокелдикке барышпайт».

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь