Окурман: Шекафтар шаарчасын “шаарча” деп атаганга ооз барбайт (видео, сүрөт)

117

Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүнө караштуу Шекафтар шаарчасы таштандыга толгон. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучу өз нааразычылыгын билдирип жазды. Анын айтымында, унаалар өтүүчү жолдун жээгинде канаттуу, жолбун иттерден бери ташталган таштандылар жайылып жатат. Аны көзөмөлдөгөн эч ким жок.

Жолдун жээгин таштанды төгүүчү жайга айландырганы аз келгенсип, жетекчилер бул көрүнүштү көрмөксөнгө салганы үчүн жооп бериши керек дейт.

Шекафтар шаарчасын “шаарча” деп атаганга ооз барбайт деген окурман, жергиликтүү депутаттарга кайрылды:

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында” Сумсар айыл өкмөтүндөгү бул көрүнүштү кандай атасак болот? Кайдыгерлик,шалаакылык,өз кызыкчылыгы үчүн пайдалануу, президенттин буйругуна каршы чыгуу кыскасы ким кандай түшүнөт. Ал эми эл тарабынан шайланган айылдык кеңештин депутаттары “жок” дегенде маселени “көтөрүп койсо ” күнөө иш болбойт беле деген ой кетет. Канткен күндө дагы бул Сумсар айыл өкмөтүнүн башчылары, айылдык кеңештин депутаттарынын бүгүнкү жүзү. Ким эмне десе дей берсин бул чындык“.  

تم النشر بواسطة ‏‎Кылыч Шанаев‎‏ في الجمعة، ٧ يونيو ٢٠١٩

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь