Сокулукта 17 жаштагы баланын асынып турган жансыз денеси табылды

91

Чүй областынын Сокулук районунун Новопавловка айылында өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-июнь күнү Сокулук райондук милиция кызматына Новопавловка айылында жансыз дене табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, үйдүн короосунда асынып турган өспүрүм баланын жансыз денесин табышкан. Баланын өздүгү такталып, маркум 17 жашта жана Сокулук районундагы мектептердин биринде 9-класста окуп келген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Сокулук райондук ИИБнин Тергөө кызматы тийиштүү экспертизаны дайындаган.

Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь