Таластагы үй-бүлөлүк медицина борборунда каза болгон кош бойлуу келиндин сөөгү курсактагы баласы менен кошо жерге берилди.

Маалыматтарга караганда, Талас облусундагы үй-бүлөлүк медицина борборунда эс-учун жоготуп кулап, андан соң каза болуп калган кош бойлуу келинге жакындары соттук-медициналык экспертиза дайындатышкан жок.

“Келиндин туугандары Кара-Буура РИИБине барып эч кимге доолору жок экенин айтып, экспертиза дайындоого макул болушкан эмес. Ал эми келиндин ичиндеги баласы дагы чарчап калгандыктан келин кош бойлуу абалында жерге берилгени аныкталды. Учурда бул окуя боюнча бардык маалыматтар Саламаттыкты сактоо министрлигине жөнөтүлдү. Бул каза болгон келиндин биринчи кош бойлуулугу болгон.”деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, окуя 3-июнь күнү Кара-Буура районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунда болгон. Анда 28 жаштагы 37 жумалык кош бойлуу келин үй-бүлөлүк медицина борборуна көрүнүүгө келген. Ультра добуштук изилдөөгө кирип чыккандан кийин ал коридорго чыгып, басып баратып эс-учун жоготкон.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: