Тогуз-Торолук генерал-майор Т.Жээналиевдин айкели тургузулду

273

Нарынга милициянын генерал-майору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, «Эмгек Кызыл Туу» жана III даражадагы «Манас» орденинин ээси, Нарын облусунун жана шаарынын ардактуу атуулу, маркум Токтожума Жээналиевдин айкелин тургузулду.

6-июнда Нарын облустук ички иштер башкармалыгында ачуу аземи болуп, ага бийлик өкүлдөрү жана ардагер генералдардар катышты.

Жакшы салтанаттуу иш-чарага дубан башчы Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Улан Алиев жана Токтожума Жээналиевдин жакындары, жакшы санаалаштары , уул-кыздары келген.

Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын РИИБдин Оттук милициясынын аймактык бөлүмчөсүнө аталыш тактасын расмий түрдө тапшырылып, акчалай жардам берилди.

Токтожума Жээналиев 1933-жылы 9-майда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Тороо районунун Арал айылында төрөлгөн. 1951-жылы Казарман айылындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктап, Жалал-Абад шаарындагы мугалимдер институтун артыкчылык диплом менен бүтүргөн.

Эмгек жолун Казарман орто мектебинде мугалимдик кесиптен баштап, андан кийин райондук комсомол комитетинде иштеп жүргөн учурда 1955-жылы кызыл армиянын катарына кызмат өтөөгө чакырылган. 1959-жылы облустук комсомол комитетинин жолдомосу менен ички иштер органдарынын катарына кабыл алынып, 1963-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районуна которулган. 1983-1987-жылдары ИИМдин Нарын облусундагы башкармалыгын жетектеген. Нарын облустук партиялык комитеттин мүчөсү, облустук кеңештин депутаты болуп эмгектенген. Нарын ОИИБди жетектеп турган учурда ИИМдин «Өтмө Кызыл Туусун» үч жолу катары менен алган. Үзүрлүү эмгектин арты менен 1984-жылы милициянын генерал-майору наамы ыйгарылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь