Бишкекте 6-июндан 7-июнга караган түнү “Айчүрөк” соода борборунун жанындагы жаңы курулуп жаткан имараттан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт жаңы курулуп жаткан имараттын 9-кабатында орнотулган темирден жасалган будкадан чыккан. Өрт саат 02:12де толук өчүрүлдү.
Катталган кырсык боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.