Батыш Британияда дүйнөдө жок төрт кулактуу мышык туулуп, көпчүлүктү таң калтырды. Ашкана иштеткен ишкердин мышыгы төлдөп, башына болуп көрбөгөндөй “бак” конгон. Ал өзүнүн кардарларына кичинекей мыймыйларды көрсөтүп, жакса берээрин убадалайт.

Арасынан бирөө башкалардан өзгөчө экенин Валери менен Тед байкашкан. Валеринин айтымында, 20 жыл баккан үй жаныбары өлгөндөн соң алар башка мышык бакпайбыз деп ойлошкон. Бирок, мышык Теддин мойнуна оролуп уктап калганда, башка жол жок экенин билишти. Жаңы үй-бүлө мүчөсүнө «Звездные войны» кино тасмасынын каарманы – джедая Йоданын ысымын ыйгарышкан.

Йоданын кошумча кулактары, баш сөөгүндө жайгашкан. Бир кулагы экинчи кулагынан арткараак орун алган. Йода, мышыктардын зыянсыз генетикалык аргындашуусунан келип чыккан. Ал – бактылуу үй мышыгы. Уникалдуу бул мышыкка кызыккандар көп. Уурдап кетпес үчүн атайын чип коюшкан. Йода кайсыл жерде болбосун эми кожоюндары ага сарсанаа болбойт.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: