УКМК Алексей Петрушевскийди кармады

141

Бишкек мэриясынын алдындагы балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурунку директору Алексей Петрушевский кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы боюнча шектелүүдө. Бул тууралуу жактоочусу Елена Гаврилова тастыктады.

Жактоочусунун айтымында, кечээ Алексей Петрушевскийди УКМКга күбө катары суракка чакырылган. 4 жарым сааттан кийин тергөөчү аны кармоо боюнча протокол толтурган.

«Алексей Петрушевскийге борбордун директору болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып коюшууда. 2017-жылы жаман адат менен жашаган аялдын баласына чоочун аял жардам берген. Ал эми Петрушевский ал аялды бала менен көрүшүүгө уруксаат берген. Ал баланы камкордукка алууну ниет кылып жатканда, баланын туугандары табылып калган. Баланын каалоосу жок эле жакындарына беришкен. Тергөөнүн версиясы боюнча, Алексейдин уруксаат бергенге укугу жок болчу», -дейт анын жактоочусу.

Алексей Петрушевский 6-мартта кызматынан алынган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь