Кыргыз Республикасынын Эл артисти Юрий Бобков далысынан оор жараат алып, ага 2 жолу операция жасалган. Учурда артисттин абалы оорлошкондугуна байланыштуу кайрадан операция жасатууга муктаж. Мындан улам кесиптештери Бобоковдун дарылануусуна “Устатыбызды колдойлу” аталышындагы кайрымдуулук концертин өткөргөнү жатат. Бул тууралуу жубайы Асель Осмонова жергиликтүү басылмага билдирди.
Осмонованын айтымында, Бобков бул демилгеге макул болгон эмес.
” Биздин үй-бүлөдө биринин артынан бири кырсыктап, барып эле каржы маселесине такалууда. Башында өзүбүз колдон келишинче каржылап жаттык. Бирок барган сайын оорлошуп жатат. Юрий менен иштешкен кесиптештери демилге көтөрүп, кайрымдуулук концертин өткөрөлү дешти.”
“Устатыбызды колдойлу” аттуу кайрымдуулук концерт 8-июнь күнү саат 19:00дө Спорт сарайында өтөт. Билет баасы 200 сом.